Оштогу №27 мектепте «Китеп окуп, китеп ал» сынагы болуп өттү (сүрөт)

Оштогу №27 мектепте «Китеп окуп, китеп ал» сынагы болуп өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Ош шаарындагы №27 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Тайыр кызы Нургүлдүн жеке демилгеси менен «Китеп окуп, китеп ал» сынагы болуп өттү.

Сынактын жеңүүчүсүнө мугалим өзүнүн автордук «Мектеп жана Айтматов. 6 бутак 1000 тест» китебин белекке берди. Китеп окуу сынагында аталган китептин ичинде камтылган «Биринчи мугалим» чыгармасынын негизинде түзүлгөн тест болду. Катышкан окуучулар 15 мүнөттүн ичинде тесттин туура варианттары менен таанышып, окушту. 15 мүнөт өткөндөн кийин окуучулардын колунан китептер чогултулуп алынып, аларга тесттер берилди.

Жыйынтыгында 27 упай топтогон Касымова Дарика 1-орунду алды. Эң кызыгы, 1-орунга бирдей упай менен Дарика жана Малика деген эгиз кыздар жетишти. Бирок Дарика убакытты аз пайдалангандыктан, жеңүүчү теп табылып, Нургүл Тайыр кызынын «Мектеп жана Айтматов. 6 бутак 1000 тест» китебин утуп алды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up