Бишкектин 2 мектеби жаңы компьютерлерди алышты

Билим АКИpress - Октябрь райондук администрациясы 2 мектепке компьютердик техника белек кылды.

Аталган райондогу №73 орто мектеби менен №64 мектеп-гимназиясы бештен компьютер алышты. Техниканы мектептерге район башчысы Ренат Айтымбетов жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Абсатар уулу Айжигит тапшырды.

Муниципалдык администрация тарабынан райондун билим берүү системасын жакшыртуу иштери улантыла берери айтылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up