Ысык-Көлдө 9-класстын окуучусу асынып алды

Ысык-Көлдө 9-класстын окуучусу асынып алды

Билим АКИpress - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ичке-Жергез айылында 14 жаштагы өспүрүм асынып алды. Ал Стамбеков атындагы мектептин 9-классынын окуучусу болчу. Бул тууралуу Билим АКИpress басылмасына 24-январда Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Мектеп директоруна шилтеме берүү менен райББдан билдиришкендей, өспүрүм тырышчаак жана жакшы жетишкендиктери менен айырмаланган окуучу болгон, бирок ал атасы менен урушуп кеткенден кийин өз өмүрүнө кол салган.

Аталган айылдын тургундары башка версияны айтышууда. «Говори.тв» агенттиги 24-январда Ичке-Жергез айылынын тургунуна шилтеме берүү менен маалымдагандай, окуучу милиция кызматкерлеринин «айып пулунан» кийин асынып алган.

«10-класстын окуучусу 9-класстын окуучуларын сабап койгон. Алар кийин жооп кайтарышат. 10-класстагы окуучунун ата-энеси милицияга арыз жазып, а милиция кызматкерлери 9-класстагылардын ата-энелеринен 7 миң сом сураган. Үч үй-бүлө биригип, 1,5 миң сомдон чогултуп беришет, бирок милиционерлер дагы талап кылышкан. Ошондон кийин мугалим директордун алдында уят болдум деп, баласын урушуп, милиция кызматкерлерине 7 миң сом берүүгө аргасыз болгон», - деп айтып берди айылдашы. Анын айтымында, өспүрүм жакшы жүрүм-туруму менен айырмаланып, көчөдө көп басчу эмес жана мектепте жакшы окучу.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up