Н.Батыралиев Германиядагы мекендештер менен бирге мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга немис тилин акысыз үйрөтөт

Н.Батыралиев Германиядагы мекендештер менен бирге мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга немис тилин акысыз үйрөтөт

Билим АКИpress - Германиядагы жаштар тарабынан «Жаш муун» бирикмеси түзүлүп, анын ачылышы болду. Бирикме Германияда окуп, иштеп жүргөн мекендештер тарабынан түзүлүп, Кыргызстандагы «Жатакана жаштары» коомдук бирикмеси менен биргеликте мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 4 ай бою немис тилин бекер окутуп, аларга сертификат беришет. Ошондой эле долбоорлор аркылуу балдарды Германияга жөнөтүүгө аракет кылышат. Бул тууралуу кабарчыга аталган бирикменин негиздөөчүлөрүнүн бири Нурсултан Батыралиев айтып берди.

Жаш активист 1994-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылында төрөлгөн. «Мен 2015-жылы КАМКТАУну аяктап, учурда Искусство окуу жайында 3-курстун студентимин. «Жатакана жаштары» коомдук бирикмесин негиздедим.

Алымбай уулу Нурмухамед менен Инстаграм баракчасынан таанышып калдык. Ал И.Арабаев атындагы университетте 2-курста билим алат. Азыркы учурда Германияга «Au-Pair» программасы менен барып, немис тилин үйрөнүп жана ал жакта окуп калууга аракеттенип жаткан кези экен. Нурмухамед өзүнүн интернеттеги баракчасына кайрымдуулук иштеринен сүрөттөрдү, постторду жүктөп жүргөнүн байкагам. Мен да кайрымдуулук иштерди жүктөп койсом, ал мага чогуу иштешели деп пикир калтырды. Ошентип, экөөбүз телефон номурларыбызды алмашып, 12-январда Whatsapp аркылуу сүйлөшкөндө ойлорубуз бир чыгып, ушул боюнча талкуу кылдык. Буга чейин экөөбүз тааныш эмес болчубуз.

Андан кийин Наргиза Масымканова аттуу немис тилчи эжебиз менен таанышып калдык. Ал Чолпон-Ата шаарынан болот. Германиянын Киль шаарында окуган. Өзүнүн кесиби геолог, бирок азыр балдарга сабак берүүнү жакшы көрүп, иштеп жатат. Ал эже биздин кайрымдуулук ишке көмөк кылып, балдарга акысыз немис тилинен сабак берүү жагын колго алды», - деди ал.

Нурсултан бирикменин ишин 10 балага немис тилин окутуу менен башташканын да кошумчалады. «Биз мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жөн эле немис тилин окутуп койбостон, андан ары да Германияга барып иштеп, тажрыйба топтоосуна да жардам беребиз. Биз бул бирикме менен кайрымдуулуктун билим тармагын тандап алдык. Кайрымдуулукту акча, кийим, тамак-аш менен берүү менен эч кандай өзгөрүү жок экенин көрүп жатабыз. Билим тармагына басым жасап, мындай кайрымдуулукту жалпы 7 облуска жайылтуу ниетибиз бар. Каржылоо Германияда түзүлгөн «Жаш муун» бирикмеси жана биздин Германиядагы мекендештерибиз тарабынан ишке ашырылат. Учурда биздин биринчи иш-чарабыз Балдарды коргоо борборунда 10 балага немис тилин үйрөтүү менен башталат», - деп айтып берди Нурсултан Батыралиев.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up