Ат-Башыдагы окуучулар Жогорку Кеңеш менен таанышып келишти (сүрөт)

Ат-Башыдагы окуучулар Жогорку Кеңеш менен таанышып келишти (сүрөт)

Билим АКИpress - Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебинин алдыңкы жана олимпиадага барган окуучулары Жогорку Кеңеш менен таанышып чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин математика мугалими Чынар Өмүрзакова билдирди.

«Аракет» программасынын алкагында райондо кыргыз тили, математика, англис тили боюнча олимпиада өттү. Биздин мектептен математика боюнча 1-турга 22 окуучу, облустук турга 17 окуучу өткөн. Ал эми республикалык турга өткөн 12 окуучу жана мектептин мыкты делген 4 окуучу тандалып, жалпы 16 окуучуну Жогорку Кеңешке экскурсияга алып барып келдик. Ал жакка мектеп администрациясы жана сабак берген мугалим менен бардык. Жогорку Кеңештин китепканасын, депутаттардын олтурган жерлерин көрүп, депутаттар менен жолугуу болду. Максатыбыз — окуучуларга стимул болсун дедик», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up