Нарында окуучуларга кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы орто мектептерде окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 23-январь күнү Нарын казыятынын билим берүү жана мечиттер бөлүмүнүн адиси Сейит Исаев Нарын ШИИБдин жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн инспектору милициянын ага лейтенанты Жазира Марат кызынын кайрылуусунун негизинде Нарын шаарындагы №7 Матен Сыдыков атындагы орто мектебинин окуучулары менен жолугушуу өткөрдү.

Чогулушта милициянын ага лейтенанты Жазира Марат кызы кылмыштуулуктун алдын алуу тууралуу маалыматтарын балдар менен бөлүштү, ал эми казыят кызматкери Сейит Исаев ыйман, адеп-ахлак жөнүндө лекцияларды окуду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up