Нарында 2018-жылы 3 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн

Нарында 2018-жылы 3 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн

Билим АКИpress - Нарын районундагы мектептерге республикалык бюджеттен 7,5 миллиондон ашык акча каражаты бөлүнүп, 3 билим берүү мекемеси өңдоп-түзөөдөн өткөн. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Таш-Башат айылынын Д.Мамбетов атындагы орто мектебинин №1 жана №2 окуу имараттарынын жылуулук системасы 2 миллион сомго алмаштырылды. Жан-Булак айылынын А.Жутакеев атындагы орто мектебинин жылытуу системасы 2 миллион сомго капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Ошондой эле Лахол айылынын К.Рысмендеев атындагы орто мектебинин №1 имаратынын чатыры жана жылуулук системасы алмаштырылды.

Учурда райондо 34 билим берүү мекемеси бар. Алардын экөө — башталгыч билим берүү мекемеси.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up