Ак-Талаанын окуучусу А.Жоломанова республикалык олимпиадада ноутбук утуп алды

Ак-Талаанын окуучусу А.Жоломанова республикалык олимпиадада ноутбук утуп алды

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Бүргөн айылындагы Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебинин окуучусу республикалык олимпиадада 1-орунду ээледи. Бул тууралуу аталган мектептин директору Гүлкайыр Майрыкеева билдирди.

Маалым болгондой, Билим жана илим министрлигинин алдындагы «Илим» мектебинин «Аракет» олимпиадасы өтүп, анда райондук жана облустук баскычтарда алдыңкы орундарды камсыздаган окуучулар республикалык турга катышкан.

Олимпиаданын республикалык турунда кыргыз тили боюнча Аймырза Жоломанова 1-орунду ээлеп «Acer» үлгүсүндөгү ноутбук, диплом жана медаль менен сыйланды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up