Байгөнчөк айылында окуучуларга жолдо жүрүүнүн эрежелери түшүндүрүлдү (сүрөт)

Байгөнчөк айылында окуучуларга жолдо жүрүүнүн эрежелери түшүндүрүлдү (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Байгөнчөк айылында окуучуларга жолдо жүрүүнүн эрежелери түшүндүрүлдү. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага тескөөчүсү, милициянын капитаны Аманбек Разаков билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 24-январда Байгөнчөк айылындагы Табрис Оторов атындагы орто мектебинин окуучуларынан түзүлгөн «Милициянын жаш жардамчысы» тобу, РИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө тобунун тескөөчүсү, милициянын прапорщиги Таалайбек Тоялиев, милициянын кенже лейтенанты Айбек Айталиев, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсү А.Разаков жана мектептин эмгек жамааты окуучуларга жана айдоочуларга жолдо жүрүүнүн эрежелерин түшүндүрүштү. Ошондой эле учурда болуп жаткан жол кырсыктарын алдын алуу, унааны спирт ичимдиктерин ичпей башкаруу жана башка маселелер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up