Түптө 2 мектептин окуучулары «Кыз-жигит сармерден» сынагында ат салышты (сүрөт)

Түптө 2 мектептин окуучулары «Кыз-жигит сармерден» сынагында ат салышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Түп районунун Чоң-Тогуз-Бай айылында «Ысык-Көл жаштар клубу» коомдук бирикмеси окуучулар арасында «Кыз-жигит сармерден» кароо-сынагын өткөрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, кыргыздын улуттук сыймыгы — жасалгаланган боз үй ичинде «Эл ичи — өнөр кенчи» аттуу «Кыз-жигит сармерден» өтүп, анда Карасаев айыл аймагына караштуу Чоң-Тогуз-Бай айылынын К.Мамытов атындагы орто мектебинин окуучу кыздары Арал айыл аймагына караштуу Долон айылынын К.Үмөталиев атындагы орто мектебинин окуучу балдары менен таймашты.

Кароо-сынакта саламдашуу, айтыш, Манас айтуу, хор, жеке ыр, бий, макал-лакап, табышмак жана жаңылмач айтуу боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында Чоң-Тогузбай айылынын «Торгой»кыздар командасы Долон айылынын «Ак шумкар» балдар командасын 13,4:12,2 эсебинде утуп алып, кийинки сынакка жолдомо алды.

«Иш-чара Айыл аймактарын өнүктүрүү жана саариптештирүү жылына карата Түп районунунун мектеп окуучулары арасында өтүп жатат. Анан максаты — жаштарды ынтымакка чакыруу, коомго жат көрүнүштөрдөн алыс болуп, окуучулар арасында өнөрлүү инсандарды табуу, мыктыларын жумурай журтка таанытуу. Ошондой эле «Эл ичи — өнөр кенчи» экенин айгинелөө менен улуттук каада-салт, үрп-адаттарыбызды жандандыруу жана кыргыз тилин өнүктүрүү, аймактар арасындагы мамилени чыңдоо. Аймактардын ынтымагы —мекенибиздин эртеңки келечеги», - деди К.Мамытов атындагы орто мектебинин директору Г.Иманбетова.

Калыстардын катарын «Ысык-Көл жаштар клубу» коомдук бирикмесинин Каракол шаарындагы филиалынан келген Т.Мидинов менен Айжаркын Керез толуктап, «Эрке бала» болгон Досбол Шарыпов менен «Эрке айым» Нуриза Муратбекованын аткаруучулук өнөрлөрүнө өзгөчө баа беришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up