Караколдук Адинай республикалык олимпиадада кыргыз тили боюнча 2-орунду ээледи

Караколдук Адинай республикалык олимпиадада кыргыз тили боюнча 2-орунду ээледи

Билим АКИpress - Бишкек шаарында 19-20-январь күндөрү «Биздин олипиада» аталышындагы Биринчи республикалык олипиада өттү. Ал математика, кыргыз тили жана англис тили боюнча 5-11-класстардын окуучулары арасында уюшулду.

Олимпиаданын жыйынтыгында Каракол шаарындагы №4 мектеп-гимназиясынын 5-классынын окуучусу Адинай Бектурова кыргыз тили боюнча республикалык олимпиадада 2-орунду алып, планшет жана диплом менен сыйланды.

«Мен кыргыз тилин абдан жакшы көрөм. Өз эне тилимди жакшы билип, кыргызча туура жазып, так сүйлөөнү жактырам. Олимпиадага жакшы даярдангам. Эми планшет менен кыргызча китептерди окуп, эне тилимди терең изилдейм», - дейт Адинай.

WhatsApp Image 2019-01-25 at 13.08.29(1)

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up