Чолпон-Атада жаңы кодекстер боюнча ата-энелердин бала тарбиялоодогу жоопкерчилиги талкууланды

Билим АКИpress - Чолпон-Ата шаарынын И.Абдразак атындагы орто мектебинде жаңы кодекстер боюнча ата-энелердин жоопкерчилигин, алардын милдеттерин талкуулаган жыйын өттү. Ага Ысык-Көл ИИБдин башчысынын жаңы дайындалган орун басары Акылбек Бекишов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, ата-энелер жана окуучулар катышты.

Жыйында ИИБ кызматкерлери жаңы мыйзамдар боюнча ата-энелерди балдарын тарбиялоо жоопкерчилиги боюнча пункттар менен тааныштырып, жоопкерчиликсиз мамиле болгон учурда кандай жоопко тартылары жана салынуучу айып пулдар жөнүндө маалымат беришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up