Нарындагы №10 мектептин директору болуп Аскатбек Дыйканбаев дайындалды

Аскатбек Дыйканбаев, Нарын шаарындагы №10 мектептин директору
Аскатбек Дыйканбаев, Нарын шаарындагы №10 мектептин директору

Билим АКИpress - Дыйанбаев Аксатбек Төлөмүшович Нарын шаарындагы №10 Жапар Чолпонбаев атындагы орто мектебинин директору болуп Дыйанбаев Аскатбек Төлөмүшович дайындалды. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Аскатбек Дыйканбаев 1977-жылы туулган. Кесиби боюнча жогорку билимдүү орус тили жана адабияты сабагынын окутуучусу. 1994-1999-жылдары К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинен билим алган.

1999-2001-жылдары А.Буйлаш уулу атындагы мектепте орус тили жана адабияты мугалими, 2001-2002-жылдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн. 2010-2012-жылдары №10 орто мектебинде директордун тарбия иштери боюнча орун басары, 2014-жылдан тартып №5 К.Жакыпов атындагы орто мектебинде директор болуп иштеп келген. 2010-жылы Президенттик башкаруу акедемиясында 2 айлык курстан өткөн.

А.Дыйканбаев «Жыл мугалими» сынагынын жеңүүчүсү. КР Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Үй-бүлөлүү, жубайы Гүлзат Мукашова экөө 2 кыз жана 1 уулду тарбиялоодо.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up