Мугалимдер.kg: Ысык-аталык Венера Керимбекова: Окуучулардын сырдашы, курдашы да болгум келет

Мугалимдер.kg: Ысык-аталык Венера Керимбекова: Окуучулардын сырдашы, курдашы да болгум келет

Билим АКИpress - Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун 38 жаштагы тургуну Венера Керимбекова. Ал 13 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип келе жатат. Анын ардактуу кесипти тандап алышына биринчи мугалими себепкер болгон. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мугалим болуп, мектепте эмгектенүүнү бала кезден эле кыялданчумун. Ага болсо биринчи мугалимим Нургүл эжейим себепкер болду. Арадан канча жыл өтсө да, ушул күнгө чейин биринчи мугалимимдин үнү, өткөн сабактары көз алдыма тасмадай тартылат. Учурдан пайдаланып, Нургүл эжейиме дагы бир жолу ыраазычылык билдирип кетким келет.

Кесибим башталгыч класстардын мугалими болгондуктан, бул кесиптин түйшүктүү жагы да көп. Окуучулардын ар биринин мүнөзүнө жараша иш алып баруу керек. Бирок менин сүйүктүү кесибим болгондуктан, кыйынчылыктар деле эсимде жок. Балдардын жан дүйнөсү таза, тили таттуу болот эмеспи. Алар менен өзүмдүн бала чагыма кайра кайрылып баргандай болом. Алар менен кошулуп ойноп, ырдап, окуп... Кыскасы, абдан кызыктуу өтөт.

Жумуш убагында күлкүлүү окуялар көп эле болот. Мен негизи, бир эле убакта мугалим гана эмес, окуучулардын сырдашы, курдашы да болгум келет. Ар бир окуучуга ар кандай мамиле жасаса болот, бирок кыялданууну бардык окуучу сүйөт эмеспи. Бир жолу адеп сабагынан карыларды сыйлоо боюнча тема өтүп калдык. Көбүнчө мисалдарды турмуш менен байланыштырам, окуучунун эсинде калсын деп. Ошондо бир окуучуга: «Шернияз, бир убакта мен картайып, таяк таянып, жамгыр жаап жатканда, кийимим суу болуп жолдо кетип бара жатсам, сен машинаӊ менен ылай чачыратып туруп, өтүп кетесиң го», - десем, анда Шернияз: «Жок эже, чачыратпай, акырын эле айдап өтүп кетем», - деп коёт. Мен машинасына салып кетем деп айтат деп күтүп жаткам да. Ушул окуя эсимде калыптыр. Ал окуучу азыр студент», - дейт мугалим.

Венера Керимбекова 1981-жылы 23-ноябрда Ысык-Ата районундагы Тогуз-Булак айылында төрөлгөн. «1989-жылы Тогуз-Булак орто мектебинин босогосун аттап, 1999-жылы 11-классты аяктадым. 2001-жылы Музыкалык-педагогикалык окуу жайынын башталгыч класстарды окутуу бөлүмүнө кирип, аны 2004-жылы ийгиликтүү бүтүрүп алдым. Андан кийин 2007-жылы Кыргыз билим берүү академиясындагы кыргыз тили жана адабияты бөлүмүнөн да билим алып чыккам.

Эмгек жолумду 2006-жылы Бишкек шаарындагы №73 орто мектебинен башталгыч класстын мугалими болуу менен баштагам. 2015-жылга чейин ошол мектепте эмгектендим. Турмуш шартыма байланыштуу Ысык-Ата районуна караштуу Киргшёлк айылына көчүп келип, 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып Киргшёлк орто мектебинде башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенип жатам. 1 жылдан кийин директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары болуп дайындалып, 2 жыл эмгектендим. Азыр декреттик өргүүдөмүн.

Үзүрлүү эмгектин арты менен талыкпай билим берип, бир топ сыйлыктарга татыдым. 2008-жылы «Жүрөгүмдү балдарга арнайм» («Жыл мугалими») аттуу сынакка катышып, «Өзгөчө көркөм жана техникалык кооздоо үчүн сыйланат» деген ардак баракчага, 2017-жылы Киргшёлк орто мектебинде «Жыл мугалими» сынагына катышып, «Учитель творческих идей» номинациясына, 2017-жылы Мугалимдер күнүнө карата раймамадминистрациядан «Үзүрлүү эмгеги үчүн» ардак грамотасын, 2018-жылы Люксембург айыл өкмөтүнүн «Көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн» ардак грамотасын алдым», - деп айтып берди ал жетишкендиктери тууралуу.

Ардактуу мугалим үй-бүлөлүү, 2 кыз жана 1 уулдун энеси.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up