Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси сыйлыкка татыды (сүрөт)

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси сыйлыкка татыды (сүрөт)

Билим АКИpress - 2019-жылдын 26-январь күнү Жалал-Абад областынын Ноокен районунда 1 жыл ичинде аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча отчёттук жыйналыш болуп өттү. Бул тууралуу аталган райондогу №35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектебинин директору Уланбек Уметов билдирди.

Маалым болгондой, жыйында аким Эркинбек Маматаев Ноокен районунда бир жыл ичинде аткарылган ийгиликтүү иштер, мыкты эмгектенген мекемелер боюнча кеңири токтолуп өттү.

2018-жылы эң мыкты эмгектенип, ийгиликтерди жаратып, райондун өнүгүшүнө зор салымын кошкондугу үчүн Ноокен райондук билим берүү мекемесинин жетекчиси Бакыт Козуев «Өтмө Кызыл Туу», жогорку даражалуу диплом жана кызыктыруучу белектер менен сыйланды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up