Бишкектеги мектептерде «Дин маданиятынын тарыхы» китебин апробациялоо боюнча тегерек стол өттү

Бишкектеги мектептерде «Дин маданиятынын тарыхы» китебин апробациялоо боюнча тегерек стол өттү

Билим АКИpress - 2019-жылдын 25-январында Билим берүү жана илим министрлиги менен Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгы биргелешип, калаадагы мектептерде «Дин маданиятынын тарыхы» китебинин апробациясынын жүрүшү боюнча тегерек стол өткөрүштү.

Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү С.Жаамбаев, билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова, Кыргыз Билим берүү академиясынын илимий эксперти К.Кашкаров, И.Арабаев атындагы КМУнун өкүлү, теолог Бердибек уулу Шекербек, билим берүү башкармалыгынын адистери Ч.Бактыгулова менен Т.Идыров, ошондой эле, №5, №10, №12, №20, №24, №38 мектептеринин апробация жүргүзгөн мугалимдери катышышты.

Тегерек столдун негизги максаты — китептин мазмунунун мамлекеттик билим берүү стандартына дал келишин, канчалык деӊгээлде китептин мазмуну темаларды ачкандыгын белгилөө.

Апробация жүргүзгөн мугалимдер китеп менен өткөрүлгөн сабактарына кыскача анализ беришип, китепти жана мугалимдер үчүн колдонмону жакшыртуу үчүн өздөрүнүн сунуштарын беришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up