2018-2019-окуу жылында Ноокенде бир катар бала бакчалар курулуп, ишке берилди (сүрөт)

2018-2019-окуу  жылында Ноокенде бир катар бала бакчалар курулуп, ишке берилди (сүрөт)

Билим АКИpress - 2018-2019-окуу жылында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда мектепке чейинки жаштагы балдарды бала бакчалар менен камсыз кылуу боюнча бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, Шайдан айыл өкмөтүнө караштуу №7 «Ак-Тилек» балдар бакчасында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 700 миң сом бөлүнүп, ага 110 орунга ылайыкташтырылган кошумча 4 тайпа ишке киргизилип, оңдоп-түзөөдөн өттү.

Момбеков айыл өкмөтүндөгү №22 «Гүлкайыр» мектепке чейинки билим берүү мекемесине ушул эле айылдын тургуну, жеке ишкер М.Алиев тарабынан 5 миллион 500 миң сомго 60 орундуу бала бакчанын кошумча имараты салынып берилди. Бүгүнкү күндө бала бакчада 55 бөбөк тарбияланууда.

Бүргөндү айыл өкмөтүнө караштуу Ношкен айылында Райондук экономиканы өнүктүрүү фондунун эсебинен 5 миллион 262 миң 263 сомго 60 орундуу бала бакча, Бүргөндү айылында 6 миллион 688 миң сомго 60 орундуу бала бакчанын имараты ишке берилди.

Ал эми Масы айылында «Ал-Ас-Салам Кувейт» кайрымдуулук фонду тарабынан 28 млн 500 миң сомго 75 орундуу бала бакча салынып, пайдаланууга берилди. Анда азыркы учурда 14 кызматкер иштеп, 80 бала тарбияланууда.

Учурда Арал айыл өкмөтүндөгү №29 «Иса агай» бала бакчасынын жаңы имараты ишке берилип жатат. Ал 15 млн 800 миң сомго курулду.

Бүгүнкү күндө Ноокен районунда жалпы 51 мектепке чейинки билим берүүчү мекеме бар, аларда 5 489 бала тарбияланууда. Былтыркы жылы балдарды камтуу көрсөткүчү 40% түзгөн болсо, 2018-2019-жылга карата балдарды камтуу көрсөткүчү 43%га жетти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up