Мектеп сыймыгы: Чүйлүк Айсулуу 2018-жылы дзюдо боюнча Кыргызстандын биринчилигин багындырган (сүрөт)

Мектеп сыймыгы: Чүйлүк Айсулуу 2018-жылы дзюдо боюнча Кыргызстандын биринчилигин багындырган (сүрөт)

Билим АКИpress үлгүлүү, таланттуу окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Дөӊ-Арык айылындагы «Калча» мектебинин 9-классынын окуучусу Айсулуу Качкынова. Ал дзюдо менен машыгып, мелдештерде ийгилик жаратып келет.

Айсулуу дзюдо боюнча Кыргызстандын биринчилигинде 1-орунга ээ болгон. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен кичинемен эле спортго жакын болчумун. Бирок, биз жашаган Чүй районундагы Дөң-Арык айылында спорттун түрүнөн бир гана баскетбол болгондуктан, кичинемде баскетболго барчумун. Андан соң дзюдого кызыгып, 10 жашыман баштап Токмок шаарындагы спорт мектебине дзюдого катыша баштадым. Ал жактан бир жылдай күрөшкөндү үйрөнүп, андан соң мелдештерге чыга баштагам. Казакстандын Шымкент шаарына чейин барып келгем. 2018-жылы Кыргызстандын биринчилигинде 1-орунду алдым», - деди ал.

Окуучу спорттон сырткары, бий менен да алектенет. «Спорттон тышкары бош убакытымда бий менен алектенгенди жактырам. Спорт менен бийге көп убакытымды короткондуктан, тилекке каршы, мектепте «4» деген баага окуйм. Бирок, убактым аз болсо да, болгон аракетимди жумшап, 9-классты «5» деген баа менен бүтүрүүгө аракет кылып жатам» - дейт ал окуудагы жетишкендиктери тууралуу.

Айсулуу үй-бүлөдө 3 бир туугандын кенжеси. «Кичүү болгондуктанбы, ата-энем каалаган нерсеме макул болуп, колдоо көрсөтүп келишет. Менин жараткан ийгиликтериме түрткү болгон ата-энеме жана машыктыруучуларыма чоӊ рахматымды айткым келет», - деп сөзүн жыйынтыктады жаш спортчу.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up