Ак-Талаада мугалимдер тажрыйба алмашууда (сүрөт)

Ак-Талаада мугалимдер тажрыйба алмашууда (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн методикалык кабинети тарабынан мугалимдер үчүн предметтик тажрыйба алмашуу тренингдери өтүп жатат. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн адиси Адилет Абдыбачаев билдирди.

Маалым болгондой, 22-январь күнү Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде орус тили жана адабияты сабактары боюнча тажрыйба алмашуу тренинги өткөрүлгөн. Анда мугалимдер ачык сабактарда, класстан тышкаркы иш-чараларда окуучулардын орус тилинде сүйлөөсүндө, тил үйрөнүүсүндө жаңы инновациялык технологияларды пайдалануу жолдорун көрсөтүп бере алышты.

Мындан сырткары, Терек айылында башталгыч класстын мугалимдеринин ортосунда тажрыйба алмашуу тренинги өтүп, анда мугалимдердин компетенттүүлүгү, окуучулардын алган билимин баалоо, замандын талабына ылайык билим берүү, новаторлук жана технологияны колдонуу менен сабак өтүштү.

Тренингден акырында билим берүүнүн стандарты, сапаттуулугу, бир типтүү календарлык план, сабактын планы жана башка маселелер боюнча талкуу жүргүзүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up