Тыйын санаган аппарат, кыймылдуу робот. Ак-талаалык окуучулардын эмгектери (сүрөт)

Тыйын санаган аппарат, кыймылдуу робот. Ак-талаалык окуучулардын эмгектери (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы ойлоп табуучу окуучулар арасында «Илим, техника жана өндүрүш» аттуу сынак өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Адилет Абдыбачаев билдирди.

Маалым болгондой, райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган сынакта окуучулардын ойлоп тапкан техникалык каражаттары көргөзмөгө коюлду.

Сынактын жыйынтыгында тыйындарды саноо аппаратын ойлоп тапкан Баетов айылынын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин окуучулары Шаршенбек уулу Бусурман менен Абдылдаев Ринат баш байгени жеңип алышты. Ал эми 1-орунду басууга, колдорун кыймылдатууга жана саламдашууга жараган робот ойлоп тапкан Жерге-Тал айылынын Итикул Молдобаев атындагы орто мектебинин окуучулары алышты. 2-орунду автоунаа, фонарик жана робот жасаган Коңорчок айылынын Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектебинин окуучулары камсыз кылышты. Ошондой эле 3-орунга келечектеги Баетов айылынын макетин жасаган Ак-Чий айылынын Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебинин окуучулары менен оор жүктөрдү ташуучу робот жасап чыккан Жаңы-Талап айылынын Байымбет атындагы орто мектебинин окуучулары ээ болушту.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up