Жумгалда өткөн хоккей биринчилигинде Кызыл-Жылдыз айылынын окуучулары жеңди (сүрөт)

Жумгалда өткөн хоккей биринчилигинде Кызыл-Жылдыз айылынын окуучулары жеңди (сүрөт)

Билим АКИpress - Жумгал районунун хоккей боюнча окуучулар арасында биринчилик болуп өттү. Ага жалпы 5 айылдан курама командалар катышып, күч сынашты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, мелдеште райондун Кызыл-Жылдыз айылындагы «Нуралы аке» командасы жеңишке жетип, алтын медалга татыды.

«Нуралы аке» командасы 1-оюнда Миң-Куш айылынан келген «Барчын» командасын 7:1 эсбинде утуп, 2-оюнда Чаек айылынын «Чаек-Шортон» командасын 4:3 эсебинде жеңди. Ал эми 3-оюнда муз аянтчасынын ээлери болгон Байзак айылынын «Байзак» командасы менен беттешип, негизги оюндун убакысында 1:1 эсбинде тең чыгуу катталып, кошумча убактытта Актилек Жоокаевдин дубль шайбасы менен жеңишти камсыз кылышты.

Ошентип, бул турнирдин жыйынтыгында Кызыл-Жылдыз айылынын командасы 7 упай топтоо менен алтын медалга ээ болушту. 6 упай менен Чаек айылынын командасы 2-орунду камсыз кыла алышты. Ал эми 3-орунду 3 упай топтогон Байзак айылынын командасы алды.

Турнирдин бомбардирлери:
1-орун — Актилек Жоокаев 6 шайбасы менен (Кызыл-Жылдыз айылы);
2-орун — Жанат Абышев 5 шайба (Чаек айылы);
3-орун — Тенти уулу Байел 2 шайба (Кызыл- Жылдыз айылы), Максат Турсунбеков 2 шайба (Чаек айылы), Талант уулу Асан 2 шайба (Байзак айылы).

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up