Мугалимдер.kg: Таластык Кадырбү Кабылбекова 40 жыл өмүрүн мектепке арнады

Мугалимдер.kg: Таластык Кадырбү Кабылбекова 40 жыл өмүрүн мектепке арнады

Билим АКИpress басылмасы «Мугалимдер.kg» рубрикасын улантат. Анда билим берүү майданынын түйшүктүү милдетин аткарып келе жаткан мугалимдер тууралу сөз болот. Бүгүнкү биздин каарманыбыз – таластык 69 жаштагы Кадырбү Кабылбекова. Ал 40 жыл окуучуларга немец тилинен сабак берип, спортчу мугалимдердин арасынан эң алдыңкысы болгон. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Кадырбү Кабылбекова 1949-жылы 17-июнда Талас районунун Кара-Суу айылында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 8 бир туугандын эң улуусу. «Өзүм 8 жылдык окууну бүтүп, Талас шаардык №1 кыргыз орто мектебин аяктадым. Андан кийин Бишкектеги Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунда 1966-1967-жылдары окуп, чет тилдер бөлүмүн бүтүрдүм.

Немец тилинен сабак берем. Эң биринчи эмгек жолумду Таластын Каракол айылыдагы Т.Сатылганов атындагы мектебинен баштагам. Иштедим, турмушка чыккандан кийин «Ак-Сай» орто мектебинде 1980-жылдардан азыркы күнгө чейин иштеп, пенсияга чыктым.
Жалпысынан 40 жыл мектепте эмгектендим. Азыр эс алуудамын.

1990-жылы эл аралык «Достук» клубу бар болчу. Ал аркылуу ар кайсы мамлекеттен кат алышып, Германиядагы досум Альфред Шертен аркылуу 1990-жылы Германияга барып келгем. Кайра куруу убагында Москвада 1 ай москвада жүрдүк, андан кийин Берлинге барып, 1 ай жүрүп келдим. Досторубуз менен ушу кезге чейин кат алышып турам.

Ал эми мектепте иштеп жүргөндө такай спорт менен машыкчумун. Волейбол менен тениске катышар элем. Азыркыга чейин ойнойм.
Мугалимдер арасындагы спартакаидаларда Талас районунун атынан катышып жүрдүм. Дайыма «Ак-Сай» орто мектеби 1-орунду алышчу», - деди Кадырбү эже.

Мугалим өз кесиби тууралуу да айтып берди. «Алгач мектепте иштегенде математика классына кирдим. Ошол жерден балдар менен калтырап таанышканым эсимде. Бирок тил табышып, андан кийин окуучулар мени жакшы көрүп калган. Алар аябай акылдуу балдар болчу.

Биздин айылда немецтер иштечү, немец кыздар велосипед менен жүрүшчү. Аларга бир нерселерди айта берчүбүз, анан апалары бизге немец тилинен сабак берип калды. Жөнөкөй эле бир нерселерди айтат, мен сөзмз-сөз эле которо берчүмүн. Анан биология факультетине тапшырайын десем, чет тилдер багытында адам аз дегенинен ошол жакка тапшырып, окуп кеткем.

Спорт оюндары аркылуу Талас облусун кыдырдык. Кийин олимпиадаларга балдарды даярдап, алар байгелүү орундарды алып келип жүрүштү. Өзүм Караколдо иштеп жүргөндө 2 класс, бул жактан 2-3 класс бүтүрдүм. Ал эми эң акыркы жолу 1978-жылкыларды уядан учурдум. Бүтүргөн окуучуларым жакшы кызматтарда иштеп жүрүшөт. Ырчы Фарида Карбозованы да мен бүтүргөм.

Өзүм мектепте аябай катаал болчумун. Бизди көчөдөн көргөндөр: «Кандай сыйлуу мугалимсиңер, балдарыңар аябай сыйлайт», - деп суктанып калышат», - деп айтып берди Кадырбү Кабылбекова.

Ардактуу мугалим үй бүлөлүү, 2 кыз 1 уулдун энеси, 8 небереси бар.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up