Чүйлүк Таалайбек шахмат боюнча Кыргызстан чемпиондугунда 3-орунду алды (фото)

Чүйлүк Таалайбек шахмат боюнча Кыргызстан чемпиондугунда 3-орунду алды (фото)

Билим АКИpress - 13 жаштагы Таалайбек Жайнаков шахмат боюнча Кыргызстан чемпиондугунда 14 жашка чейинкилер арасында 3-орунду ээледи, ал эми Бишкек шаарындагы 17 жашка чейинкилер арасында өткөн мелдеште 1-орунга татыды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жаш шахматчы өзү билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан чемпиондугуна 600дөй окуучу катышкан. «Оюн абдан кызыктуу болду. Күчтүү-күчтүү спортчулар келди. Алдыңкы орун алганым үчүн ардак баракчалары менен сыйландым», - деди ал.

Таалайбек 6 жашынан баштап шахматка катышат. Үйдө өзүнөн башка атасы жана агасы да шахмат ойнойт. Ал Чүй облусунун Москва районунда 2006-жылы төрөлгөн. «Атам дагы шахматка бала кезинен кызыгат экен. Азыр да ойноп калат. Мени 6 жашымда эле шахмат ийримине киргизип койгон. Ал эми байкем 9 жашында аралаша баштады. Үйдөн атам үчөөбүз ойнойбуз. Үй-бүлөлүк мелдешке үчөөбүз катышып, 2015-жылы жана 2016-жылы удаасы менен Кыргызстандын үй-бүлөлүк чемпионатында 1-орунду алдык. Ал эми өзүм 2013-жылы Кыргызстандын чемпионатында 10-орунду, 2014-жылы 3-орунду жана 2015-2016-жылдары катары менен 1-орунду багындырдым. 2017-жылы жана быйыл 2-орунду алдым.

2015-жылы байкем экөөбүз тең Кореяга барып, Азия чемпионатына катыштык. 2016-жылы Монголияга барып, 9-орунга илинип келдик. 2017-жылы Ташкентке барып, 7-орунду камсыз кылдым. Эми, буюрса, Тайландга барам деп каымынп жатам. Кайсы бир жылы президенттин кубогун да утуп алгам. Байкем Сагыныч 2017-жылы президенттин кубогун жеңген. Келечекте дүйнө чемпиону болсом дейм», - деп айтып берди окуучу.

Таалайбек үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү. «2 байкем жана 1 карындашым бар. Биз Чүй облусунун Москва районуна караштуу Сретенка айылында жашайбыз. Мен Кыргызстанда спорттун чебери наамына талапкермин», - деп кошумчалай кетти ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up