Келечекте мыкты журналист болууну кыялданган Мимозанын ийгилиги (сүрөт)

Келечекте мыкты журналист болууну кыялданган Мимозанын ийгилиги (сүрөт)

Билим АКИpress үлгүлүү, таланттуу окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Ош мамлекеттик университетинин студенти Жанибек кызы Мимоза. Ал мектептик жана студенттик кезиндеги ийгиликтери тууралуу айтып берди. Мимоза келечекте мыкты журналист болууну максат кылууда.

«Мен 1997-жылы 21-декабрда Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айылында туулгам. 2005-жылы №5 Арыкбай Осмонов атындагы орто мектебинин босогосун аттап, ал жерде 11 жыл билим алдым. Кичинемде аябай мектепке баргым келип, агаларымды ээрчип барып алат элем. Ошол убактагы максатым — агам менен бир класста окуу эле. Бир күнү мектепке ээрчитпей койсо, жерге отуруп алып, ызаланып ыйлаганым эсимде.

Мектепте окуп жүргөндө эч нерсени жашырбай айта берген, бир нерсеге умтулган кыз элем. Бирок, менин шоктугумдан апам классташ кыздарымдын апаларынан тил угат эле. Анткени 1-класска барганда эле бир кызды уруп койгом. Кийин да 4-класска чейин кыздарды уруп жүрдүм. Бирок азыр эстесем, күлкүм келет.

Предметтик олимпиадаларга катышканга аракет кылып, тарых сабагынан олимпиадага катышчумун. Жыл сайын ардак громата алып, өзүмө өзүм жоопкерчиликти күчөтөт элем. 7-класста окуп жатканда «Мектеп парламентине» депутат болуп иштеп, 4-5-класстарды маданий иш-чараларга даярдачумун. 11-класста мектеп президенти болдум.

Кээде эч кимге көрсөтпөй ыр жазып да калчумун. 6-класстан тарта ыр жазып, студент болгондо таштап салдым. Кара-Кулжа районунда «Мезгил үнү» деген гезитке 3 жолу ырларымды чыгардым. Ал ырлар мугалимдерге, ата-энеме арналган ырлар эле. Бир күнү мага телефон чалып: «Райондук маданият үйүнөн чалып жатам, кызым. Сенин «Атам менен апама» деген ырың бар экен, мага жакты. Обон жазайын дедим эле», - деди. Сүйүнгөн жаным дароо эле макул болуп, сөзүн өзгөртпөөнү сурандым. Агай да макул болду. Ырдын обону бүткөндө, барып жолуктум. Аккардеон менен ырдап берди. Ырдап жатып, агай бир аз көзүнө жаш алды. Мен да ыйлап жибердим. Ал кездеги сезимдерди сөз менен айтып болбойт. Аудиожаздыруусун алып, үйгө келип, атам менен апама угуздум. Атам сүйүнүп, бешенемден сүйүп койду, апам ыйлап жиберди. Дайыма атам менен апамды ушинтип кубантсам деп аракет кылчумун. Гезитке ырларым чыгып, обон жазылганда мугалимдерим да аябай сүйүнүп, жакшы каалоо-тилектерин айтышты.

11-класста КР өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Алкыш баракчасы менен сыйландым. Аябай сүйүндүм. Айтор, окуучулук күндөрүм кызыктуу, жемиштүү, ийгиликтүү өттү. Мектепте «Мыкты окуучу» кароо-сынагына катышып, 7-класста 3-орунду, 9-класста 1-орунду ээлегем.

Окууну бүтүп, ЖОЖго тапшырарда көп ойлонуп, Кыргыз-Түрк «Манас» өттүм. Бирок атам Бишкекке окушума каршы чыгып, «Ошко эле окуйсуң» деди. Ошентип, ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетине тапшырдым. 1-курска келгенде студенттик кызыктуу күндөр башталды. Кичи автобустардын багытын билбей, адашып, башка жактарга кетип калып...

Журналистика кафедрасындагы окутуучулар бизге багыт берип, көп мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беришти. ОшТВ телеканалынан практика өтөдүм. Факультетте «Брейн-ринг» акыл таймашы өтүп, «Мыкты оюнчу» номинациясын алдым. 2-курста окуу жайдын «Нур» гезитинде иштедим. Студенттер күнүнө карата жыл мыктыларын сыйлоо аземи болуп, «Алтын калем-2017» номинациясын жеңдим. Декандын ыраазычылык катын алдым. Былтыр да «ОшМунун пиар-менеджери-2018» номинациясына татыдым. Бул мен үчүн чек эмес деп ойлойм. Ийгиликтер дагы да болсо алдыда. Ушунча нерсеге жетишип жатып, ОшМУда окуганыма абдан сыймыктанам.

Азыр «Үмүт» телестудиясында автордук программа даярдап, кабарчылык кызматты аткарып жатам. Журналистика жаатында окуп жатканыма байланыштуу кооптуу жерлерге барып, сюжет даярдап, бир нерсени изилдеген жагат. Анан да ырдаганга кызыгам. Кээде жан дүйнөң башкача болуп калат эмеспи. Ошол убакта классикалык музыкаларды угуп, же болбосо жалгыз, эч нерсе кылбай отурганды жактырам. Өзүм өтө эле кыялкечмин. Бир иш жасап жатып, бир нерсени кыялданып кетем. Ишимди унутуп да калам.

Келечекте чындыкты бетке айткан, ар тараптуу журналист болгум келет. Менин максаттарымды жазган күндөлүгүм бар. Ошого баарын пландап жазып коём. Кудайга шүгүр, баары орундалып келе жатат. Тилекке каршы, бирөө орундалбай калды. Ал максаттарга жетүүмө ким себепчи болду, ким түрткү болду — баарын жазып да коём. Азыр максаттарымдын баарын айтпай эле турайын, эң негизгиси — окуумду ийгиликтүү аяктоо жана адамгерчилик сапатты жоготпоо.

Үй-бүлөбүз менен Ош шаарында турабыз. Атам энергетика тармагында эмгектенет, апам үй кожойкеси. Үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз: 2 уул, 3 кыз. Мен төртөнчүсүмүн. Ата-энем менен бир туугандарым мени дайыма колдоп келишет. Буюрса, алардын ишеничин актаганга аракет жасайм», - деп айтып берди Мимоза.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up