Жалал-Абаддын Кара-Чолок айылында 15 жыл мурун башталган мектептин курулушу бүттү

Жалал-Абаддын Кара-Чолок айылында 15 жыл мурун башталган мектептин курулушу бүттү

Билим АКИpress - Жалал-Абад облусунун Кара-Чолок айылында Исмаил атындагы 288 орундуу мектептин курулушу аяктады. Анын эски имараты авариялык абалга келген. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттиги билдирди.

Мектептин сметалык баасы — 34 млн 974 миң сом.

Курулуш иштери 2004-жылы эле башталган болчу. 2017-жылы объект Мамкурулушка өткөрүлүп берилген. Аталган мектептин долбоору «Сандвич» ЖЧКсы тарабынан иштелип чыккан. Тендердин жыйытыгы менен подрядчы уюм деп Бай-Мен» ЖЧКсы табылган.

2019-жылы мектептин спорт залын бүткөрүү пландалууда.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up