Мугалимдер.kg: Ч.Айтматовдон бешик белекке алган тарыхчы Ч.Сулайманов 44 жыл өмүрүн окуучуларга арнады (сүрөт)

Мугалимдер.kg: Ч.Айтматовдон бешик белекке алган тарыхчы Ч.Сулайманов 44 жыл өмүрүн окуучуларга арнады (сүрөт)

Билим АКИpress басылмасы «Мугалимдер.kg» рубрикасын улантат. Анда билим берүү майданынын түйшүктүү милдетин аткарып келе жаткан мугалимдер тууралу сөз болот. Бүгүнкү биздин каарманыбыз – Талас районуна караштуу Арал айылынын 64 жаштагы тургуну Чокойбек Сулайманов. Ал 44 жыл өмүрүн окуучуларга сабак берүүгө арнады. Ошондой эле ал «Кырчын» аттуу театрдын түзүүчүсү. Аймактагы кабарчы мугалимден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, ал 1955-жылы Арал айылында төрөлгөн.

«Мен мектепте окуп жүргөн күндөрдө коомдук иштерге активдүү катышып, сөз таап, сүйлөй калчу жайым бар эле. Ошондон уламбы, мугалимдик кесиптин алгачкы чыйырын Кара-Суу мектебинде музыкант болуудан баштагам. Азыркы учурда Арал айылынын К.Нанаев атындагы орто мектебинде тарых мугалими болуп эмгектенем. Ардактуу кесиптин ээси болуп иштеп жатканыма быйыл 44 жыл болду.

Жыл сайын «Жылдын мыкты мугалими» сынагы өтүп турат. Мен дагы бир кезде ошол сынакка катышып, чоң аракеттин аркасы менен мектеп ичинде жеңүүчү болдум. Кийин республикалык деңгээлде да сынакты жеңип, Москва шаарына жолдомо алгам. Албетте, бул менен алгачкы жетишкендиктеримдин бири десем да болот», - деди ал.

Чокойбек агай эмгек жолун эки багытка бөлүп караганын айтты. «Мугалим баланын оюн окуп туруучу психолог болушу керек. Ар бир балага өзүнүн жөндөмүнө жараша багыт берип, ага сырдаш болсоң, баланын алгачкы ийгиликтеринин ачкычын тапкан болосуң. Мен кесибим боюча тарых мугалимимин, бирок өзүм өнөргө жакын адам болгондуктан «Кырчын» аттуу театр түзгөм. Ал жерден Э.Нурманбетова. А.Жетигенова, Сатылган, К.Болотканов сыяктуу уул-кыздарыбыз алгачкы таланттын көзүн ачып, тарбияланып чыгышты. Биз бул балдардын катышуусунда залкар жазуучу Ч.Айтматов атабыздын «Бетме-бет» повестинин негизинде «Куш өмүрү» же «Келгин куштун ыйы» аттуу тартылдан кинодо роль жаратканбыз. Бул кинодо Ысмайыл ууру болбойт. Ысмайылдын ордуна уйду тегирменчинин уулу Ботобай уурдаган болот. Мен бул тасмада ошол Ботобайдын образын жараткам.

Мындан сырткары, чоң-чоң театрлар менен күч сынашып, жеңишке жетип жүрдүк. Бир жолу Шекер айылында Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү көргөзүп, Чыңгыз атабыздын колунан бешик белекке алган болчубуз. Бул нерсе мага жана ар бир окуучума чоң түрткү болгон», - дейт Чокойбек агай.

«Ал эми тарых сабагынан билим алган окуучуларым өзүм менен үзөңгүлөш болуп, мыкты тарыхчы, журналист болуп чыгышты.
Албетте, менин окуучуларымдын жетишкендиктери — бул менин жетишкендиктерим деп билем.

Менде «Устат мугалим» аттуу наам бар. Ар бир жаш мугалимге мугалимдик кесиптин бийик экенин айтып түшүндүрүү менен ага балага туура жеткирүүнүн, баланын аң-сезимине кирүүнүн жолдорун үйрөтүп жатам. Бир нече жаш мугалимдер үчүн керектүү методикалык китептерим жарык көрдү. Буйруса, дагы да элге кызмат кылып, жаштарга сабак болобуз деп ойлойм.

Ушундай жакшы ийгиликтердин натыйжасында 27 жаш курагымда «Эл агартуунун отличниги» наамын алдым. Азыр ойлоп көрсөм, андай жаш куракта мындай сыйлык алуу чанда гана кездешет экен», - деп айтып берди тарыхчы.

Ч.Сулайманов 5 баланын атасы жана 8 неберенин чоң атасы.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up