Жаңы-Алайдагы мектепте иске ууланган окуучулар сабакка киришти

Жаңы-Алайдагы мектепте иске ууланган окуучулар сабакка киришти

Билим АКИpress - Алай районунун С.Ашимов атындагы мектебинин окуучуларынын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Билим АКИpress басылмасына Алай райондук билим берүү бөлүмүнө шилтеме берүү менен Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматы боюнча, С.Ашимов атындагы мектептин иске ууланган бардык окуучулары көзөмөл астында, алардын абалы канааттандырарлык.

Айылда жергиликтүү бийликтин, райондук билим берүү бөлүмүнүн, ФАПтын ж.б. өкүлдөрүнөн турган ведомство аралык штаб түзүлдү. Ал кырдаалга көз салып турат.

Иске уулануу 29-январь күнү болуп өттү. Сабакта отурган 23 окуучунун 11и ооруканаган жеткирилген. Ошол эле күнү кечинде балдарды ата-энелери үйлөрүнө алып кетишкен.

Азыркы учурда жергиликтүү бийлик катуу отунду алмаштыруу боюнча иш алып барууда.

31-январда окуучулар сабакка киришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up