Оштун окуучулары «Кыргызтест» боюнча ыктыярдуу сынак тапшырууда (сүрөт)

Оштун окуучулары «Кыргызтест» боюнча ыктыярдуу сынак тапшырууда (сүрөт)

Билим АКИpress - Бүгүн, 31-январда Ош шаарындагы мектептердин 11-класстарынын окуучулары «Кыргызтест» боюнча лексика жана грамматикадан тест тапшырууда. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын окуу-усулдук каанасынын башчысы Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Анын айтымында, бул сынак мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн ыктыярдуу түрдө уюштурулуп, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар В1, окутуу орус жана өзбек тилинде жүргүзүлгөн класстар A2 деңгээли боюнча тест тапшырууда.

«Бул ыктыярдуу сынак мектеп жетекчилеринин демилгеси менен уюштурулуп, башкармалыгыбыз тарабынан тийиштүү нускама берилди. Бул тест аркылуу 11-класстардын окуучулары өзүнүн тил билүү деңгээлин акысыз сынап көрө алышат жана жыйынтыгына жараша тилчи мугалимдер анализ жүргүзөт», - деп кошумчалады Т.Досмуратов.

Быйылкы жылы ЖОЖдорго тапшырууда «Кыргызтест» боюнча сертификаты бар абитуриенттерге артыкчылык берилери айтылып келет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up