Ош шаарында үй-бүлөлүк китеп окуу сынагынын финалы өтөт

Ош шаарында үй-бүлөлүк китеп окуу сынагынын финалы өтөт

Билим АКИpress - «Атам, апам жана мен – окурман үй-бүлө» аттуу окуу көндүмдөрүн жакшыртууга багытталган шаардык сынактын жыйынтыктоочу этабы 2019-жылдын 1-февралында саат 10:00дө Ош шаарындагы №22 С.Шарипов атындагы орто мектебинде өтөт. Ош шаардык билим берүү башкармалыгы аталган иш-чараны Ош шаарынын мэриясы жана USAIDдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоору менен биргелешип уюштурууда.

Бул иш-чарага сынактын финалына өткөн окуучулардан жана алардын ата-энелеринен турган 5 тайпа катышат. Алар ролдоштуруп сценка аткаруу, чыгармалардын картасын түзүү, сөздөн сөздөрдү куроо, жомоктордогу каармандардын аты боюнча викториналык суроолорго жооп берүү, берилген макал-лакаптарды чечмелөө жана чыгармаларга байланышкан түрдүү суроолорго жооп берүү боюнча күч сынашмакчы.

Сынак өткөн жылдын соңунда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналуу менен башталып, окуучулардын окуу көндүмдөрүн өркүндөтүү максатында ата-энелердин жана коомчулуктун мектеп менен кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган. Бул сынак 50 мектептин 300дөн ашык башталгыч класстын окуучуларынын катышуусу менен өткөн жылдын декабрь айында мектептик баскычы уюштурулган.

«Ата-энелердин мектеп менен болгон кызматташтыгынын зор маанилүүлүгүн көрсөтүүдөн тышкары, биз ата-энелердин салмактуу ролун баса белгилеп үй-бүлө окуу маданиятын өркүндөтүүгө умтулабыз", - дейт Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы А. Асанов.

«Мага көнүгүүлөр абдан жакты. Мен балам менен кайсы көндүмдөрүнө көңүл буруп, чогуу жакшыртуунун үстүндө иштешим керек экенин билип алдым. Мен мындан ары баламдын окуу сабаттуулугун өркүндөтүү жолдору тууралуу көбүрөөк билүү үчүн ушундай класстан тышкары окуу иш-аракеттерине катышам жана балам менен чогуу окуганга көбүрөөк убакыт бөлүүгө аракет кылам», - деди 4-класстын окуучусунун апасы жана сынактын катышуучусу Нурсейида Аракеева.

Бул иш-чара USAIDдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун алкагында Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан демилгеленген.

«Келгиле, окуйбуз!» долбоору – 1-4-класстардын окуучуларынын базалык окуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган 9,9 млн. АКШ доллардык бюджетке ээ демилге. Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлиги менен чогуу өлкөдөгү 900 мектеп менен иштейт, 8000ден ашуун мугалимдер, мектеп директорлору жана башка кызматкерлер үчүн башталгыч класстарда окууну үйрөтүүнүн алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбасы менен жакындан тааныштыруу максатында тренингдерди өткөрөт. Долбоор мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдеринин жана мектеп жетекчилигинин окуучулардын окуу көндүмдөрүн жакшыртууга багытталган дараметин жогорулатуу, башталгыч класстардын окуучуларынын курагына, классына ылайык сапаттуу окуу материалдары менен камсыз кылууга умтулат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up