Бишкектеги жеке мектепте тамактанган окуучулар ууланды

Бишкектеги жеке мектепте тамактанган окуучулар ууланды

Билим АКИpress - «Билимкана-Бишкек» жеке менчик мектебинде 3-класстын бир нече окуучулары тамактан ууланды. Бул тууралуу АКИpress маалымат агенттигине 31-январда шаар тургуну билдирди. Өз кезегинде мектептин директору азырынча бул уулануу же уулануу эместиги белгисиз экендигин белгиледи.

«Биз «Билимкана-Бишкек» жеке мектебинин 3-«А» классынын ата-энелеринин атынан кайрылып жатабыз. Бүгүн бир нече бала тамак-аштан ууланышты. Ата-энелер алсыз экенбиз, маалыматты жашырып жатышат. Балдар менен ата-энелерди лабораториялардан анализ тапшырууну суранышууда. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору болсо жамааттык арыз талап кылууда. Биз аларга чалып, келип текшерүүнү сурансак да болчудай эмес. Алар мектепке кылыктарын жашырууга мүмкүнчүлүк берип жатышат да. Биз эч кимге айтып түшүндүрө албаганыбызга байланыштуу, биздин акыркы үмүтүбүз сиздерде», - деп айтылат арызда.

Аталган мектептин директору Елена Мундузбаева АКИpress маалымат агенттигине маалымдагандай, чындыганда эртең менен бардык 630 окуучу гренки (куурулган нан) жешкен, тамактангандан кийин 4 окуучу кусуп жиберген. «Биз аларды дароо жакын жайгашкан Бонецкий лабораториясына алып барсак, ал жактан анализге заң ташыруу керектигин айтышты. А бала лабораториядан кантип заң бере алат? Аларга стерилденген идиш беришти, эртең анализ тапшырышат. Ата-энелерден анализ тапшырууну суранган эмеспиз. Андан сырткары, окуучулардын кусуусу башка кайталанган жок. Ата-энелер комитетинин өкүлү келип, ашкананы карап кеткен», - деп айтып берди ал.

Эмне үчүн эртең мененки тамакка балдарга куурулган нан берилери боюнча суроо узатканда, мектептин директору меню «Билимкана» коомдук фондунун негиздөөчүлөрү даярдаган адистер тарабынан иштелип чыкканын айтты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up