Чүйдөгү бала бакчалардын жамааты шахмат дүйнөсүнө саякат жасашты (сүрөт)

Чүйдөгү бала бакчалардын жамааты шахмат дүйнөсүнө саякат жасашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмү 2019-жылдын 30-январында Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айыл аймагындагы №20 бала бакчасында «Шахмат дүйнөсүнө саякат» аттуу темада облустук семинар өткөрдү.

Иш-чараны Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Эмилбеков ачты. Ал райондо чыгармачылык менен иштеп жаткан бала бакча башчылары арбын экенин айтып, анын бири Военно-Антоновкадагы №20 бала бакчасынын жетекчиси Г.Иманалиеваны белгилеп, бакчада болуп жаткан жетишкендиктер менен тааныштырды.

Семинардын максаты — жаш муундарды ынтымактуулукка чакырып, билим берүү мекемесине барган балдарга шахмат ойногонго кызыгууну жайылтуу жана уйрөтүү. Ошону менен бирге ата-энеси менен бирге шахмат ойноонун ыкмаларын үйрөтүү.

Семинарда бала бакчада иштеген тарбиячылардын жетишкендиктери да айтылды. Махабат Какееванын шахмат оюну боюнча өткөргөн сабагы, балдардын шахмат ойногону, кыргыз оюндары жакшы жолго коюлгандыгы, чий-куурчак, оймо-чийме, сүрөт тартуу боюнча балдардын жасаган эмгектери менен тааныштырышты.

Иш-чарага Чүй облусунун усулдук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси В.Эгембердиева жана Чүй, Кемин, Ысык-Ата, Аламүдүн, Москва, Жайыл, Панфилов райондорунун жана Токмок шаарынын билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери жана бала бакчалардын башчылары катышышты. Райондордон келген адистер бала бакчанын жааматына жакшы каалоолорун айтышып, иштерине ийгилик каалашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up