«Биз робот эмеспиз!». Аламүдүндөгү мугалимдер эмнеге нааразы?

«Биз робот эмеспиз!». Аламүдүндөгү мугалимдер эмнеге нааразы?

Билим АКИpress - АКИpress маалымат агенттигине Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Чыгыш айылындагы мектептин мугалимдери дайыма короолорду кыдырып, райондун жашоочулары тууралуу маалыматтарды чогултууга мажбурлап жатышканына наарызы болушууда. Алар аттарын атабоону суранышты.

«Мамлекет мугалимдерди көчө кыдыртканды качан токтотот? Январда мугалимдер ар бир үйдүн эшигин каккылады. Жакында эле окуучулардын тизмесин бүтүрсөк, 2 жумадан кийин жогору жактан мугалимдерге «афган» жана «чернобыль» ардагерлеринин тизмесин даярдоону буйрушту. Мугалимдер эмне роботпу? Мугалим көчө кыдырып, соцжумушчулардын ишин аткарып, тазалык маселеси менен алектенип жатышат. А айлык болсо баягы эле. Совет доорунан калган нерсе качан токтойт?», - деп айтылат педагогдордун арызында.

Сүрөт иллюстрациялык.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up