Сокулуктагы бала бакчада «Шахмат дүйнөсүнө саякат» аттуу облустук семинар өткөрүлдү (сүрөт)

Сокулуктагы бала бакчада «Шахмат дүйнөсүнө саякат» аттуу облустук семинар өткөрүлдү (сүрөт)

Билим АКИpress - Сокулук районундагы №20 Военно-Антоновка бала бакчасында «Шахмат дүйнөсүнө саякат» аттуу облустук семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Венера Эгембердиева маалымдады.

Анын айтымында, семинарга Чүй-Токмок, Кемин, Ысык-Ата, Аламүдүн, Москва, Жайыл Панфилов жана Сокулук райондорунан бала бакча жетекчилери, тарбиячылары жана билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери катышышты.

«Шахмат дүйнөсүнө саякат» аттуу облустук семинардын Сокулук районундагы Военно-Антоновка №20 бала бакчасында өткөрүлүп жаткандыгынын өзгөчөлүгү бар. Анткени бала бакчанын башчысы, Билим берүүнүн отличниги Гүлзина Иманалиева балдардын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү, алардын негизги ишмердүүлүгү болгон оюн аркылуу эрктүүлүккө, толеранттуулукка, патриоттуулукка тарбиялоодо шахмат дүйнөсүнө саякататат. Алар 6 жаштан шахмат дүйнөсүн өздүк талаасына айлантып, ал аркылуу билим, тарбия мекенинде байыр алышат. Деги Сокулук районундагы көптөгөн бала бакча мактоого татыктуу. Ага теориялык, практикалык, педагогикалык, методикалык жардам берүүнү жүргүзгөн райБББнүн жетектөөчү адиси С.Абыканованын эмгегин айта кетүү абзел», - деди башкы адис В.Эгембердиева.

Ырас, бала бакчада этнопедагогикалык, этномаданий түшүнүктөр тамырлаган. Чий-курчак, оймо-чийме, сүрөт тартуу, комузда кол ойнотуу аркылуу улуттук баалуулуктарды, руханий асыл-дөөлөттөрдү балдардын аң-сезимине калыптоого басым жасалат. Ал эми шахмат боюнча сабак-саякат жүргүзгөн чыгармачыл тарбиячы Махабат Какееванын эмгеги өзүнчө педагогикалык поэма, методикалык мектеп.

Семинарга Сокулук райБББнүн башчысы К.Эмилбеков катышып, дүйнө таанымдын башаты болгон бала бакчанын ролу, милдеттери жаатында олуттуу ой козгоду. Семинардын катышуучулары өткөрүлгөн иш-чара боюнча талкуу жүргүзүшүп, шахмат дүйнөсүнө саякат жасашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up