Жумгалдагы мектеп окуучулары «Манас таануу» таймашында ат салышты

Жумгалдагы мектеп окуучулары «Манас таануу» таймашында ат салышты

Билим АКИpress - Жумгал районундагы мектептер арасында 2019-жылдын 30-январында «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы болуп өттү.

Иш-чараны Бишкек шаарындагы «Көйкашка» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү, жаш манасчылар Муса уулу Төлөбек, Бексултан Имашов, Чыңгыз Болотбеков, Азамат Матанов келип өткөрүштү. Таймашта Жумгал районундагы 24 мектептин 16сы катышты.

Жыйынтыгында Кызарт айылынын А.Солтонбеков атындагы орто мектебинин окуучулары 1-орунга ээ болушту. 2-орунга Таш-Дөбө айылындагы орто мектеби татыды. Ал эми 3-орунду Байзак айылынын А.Молдокеев атындагы орто мектеби камсыз кылды.

Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ф.Өмуралиева мындан ары да «Манас таануу» таймашына жыл башынан баштап кызуу даярдыктар көрүлөрүн белгиледи.

208fbc23-64bc-4ee7-8584-93d5623f4af0

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up