Жаңы-Тилек айылындагы бала бакчага 12 миң сомго оюнчуктарды алып беришти

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Жаңы-Тилек айылындагы бала бакчага жеке ишкер тарабынан оюнчуктар алынып берилди. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалым болгондой, аталган айылдагы «Нур-Ал» бала бакчасына жеке ишкер Мирбек Раимов тарабынан 12 миң сомдук оюнчуктар тартууланды. Бул иш айыл өкмөт башчысы Эрмек Айыповдун жеке ишкерге кайрылуусунун негизинде аткарылган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up