Мугалимдер.kg: Билим берүүнүн мыктысы А.Качкынбаева: Түндө ата-энесин уктатып коюп, көчөдө жүргөн окуучулар кездешет

Мугалимдер.kg: Билим берүүнүн мыктысы А.Качкынбаева: Түндө ата-энесин уктатып коюп, көчөдө жүргөн окуучулар кездешет

Билим АКИpress басылмасы «Мугалимдер.kg» рубрикасын улантат. Анда билим берүү майданынын түйшүктүү милдетин аткарып келе жаткан мугалимдер тууралу сөз болот. Бүгүнкү биздин каарманыбыз – Алина Качкынбаева. Ал билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип, бир топ сыйлыктардын ээси болгон. Ардактуу мугалим менен аймактык кабарчы таанышты.

А.Качкынбаева 1968-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Пограничник айылында төрөлгөн. «Мен азыркы учурга чейин билим берүү бөлүмүндө тарбия иштери боюнча иштеп келем. «Балдарга билим менен тарбияны бир гана мугалимдер бериш керек» деген түшүнүк таптакыр туура эмес. Балага тарбия менен билим берүүдө ата-энени да орду чоӊ. Өкүнүчтүүсү, акыркы мезгилдерде, балдарына көӊүл бурбай, алардын тарбиясы менен билимин мектепке гана байлап, өздөрү көӊүл сыртында калтырган ата-энелер көбөйдү. Рейд учурунда бир үй-бүлөдөн 2 баласы теӊ түнкү саат 12де көчөдө жүргөнүн аныктаганбыз. Үйүнө барсак, ата-энеси баладан кабар жок, уктап жаткандары кездешет. Ушундай тарбия менен өсүп келе жаткан муун мени кабатырлантат. Албетте, баары дегенден алысмын. Үлгүлүү, балдарына мыкты тарбияны бере билген маданияттуу ата-энелер да жок эмес. Бирок алар өтө аз», - деди ал.

Ардактуу мугалим көп жылдар бою талыкпай, үзүрлүү эмгектенгендиги үчүн ардак баракчалар менен сыйланып, «Билим берүүнүн мыктысы», «Профсоюз кыймылынын мыктысы», «Теӊир-Тоонун айымы» деген төш белгилерге татыган.

«Ата-энем Сокулук районуна иштегени келишип, ошол бойдон отурукташып калганбыз. А мен Асылбаш айылындагы мектепти бүтүрүп, Маяковский атындагы педогогикалык институттун физика-математика факультетин аяктагам. Эмгек жолум Төш-Булак айылындагы мектепте физика мугалими болуу менен башталган. Кийин, 1997-жылдан 2003-жылга чейин ошол эле мектепте директор болуп иштедим. Айылдык кеӊешинин депутаты да болдум», - деп айтып берди А.Качкынбаева.

Мугалим үй-бүлөлүү, 2 кызы жана 1 небереси бар.
«Жолдошумдун кесиби — инженер-механик. Өзүнүн билими боюнча фирмада иштейт. Кыздарым жогорку окуу жайды бүтүрүп, эмгектенип жатышат», - деп кошумчалай кетти ал үй-бөлөсү жөнүндө.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up