Ноокендеги №35 мектептин алдыңкы окуучулары райондогу Тарых музейине барып келишти

Ноокендеги №35 мектептин алдыңкы окуучулары райондогу Тарых музейине барып келишти

Билим АКИpress - Ноокен районунун №35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектебинин алдыңкы окуучулары райондогу Тарых музейине барып келишти. Бул тууралуу аталган мектептин директору Уланбек Уметов билдирди.

«Окуучулар атайын түзүлгөн критерийдин негизинде тандалып алынды. Критерийде окуучулардын жетишкендиктери, коомдук иштерге, класстан тышкаркы иш-чараларга активдүү катышуусу каралган. Аларга саякат уюшутуруу үчүн мектеп фондунун эсебинен каражат бөлүндү.

Түзүлгөн критерийдин негизинде ар бир класс бааланып, жыйынтыгы биринчи жарым жылдык боюнча чыгарылып, башталгыч класстардан 1-«Б» классы, орто звенодон 6-«А» классы жана жогорку класстардан 11-класстар жеңүүчү деп табылды.

Ошентип, аталган мектепен 56 окуучу Ноокен районун борборунда жайгашкан Тарых музейинде болуп кайтышты. Бул иш-чара окуучуларга абдан жагып, кийинки окуу жылында да критерийлер боюнча активдүү класс болуп, жеңүүчү аталабыз деген убадаларын беришти», - деди У.Уметов.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up