Оштун окуучулары «Манас» боюнча тест тапшырууда

Оштун окуучулары «Манас» боюнча тест тапшырууда

Билим АКИpress - Бүгүн, 2-февраль күнү Ош шаарындагы мектептердин 8-9-10-класстарынын тандалган окуучулары «Манас» эпосу боюнча тест тапшырууда. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын окуу-усулдук каанасынын башчысы Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Анын айтымында, электрондук текшерүү ыкмасы менен жыйынтыкталуучу бул тест республикалык «Манас таануу» интеллектуалдык таймашына мыкты окуучуларды тандап алуу максатында уюштурулган.

Бул сынактын аталган баскычын электрондук ыкма менен жыйынтыктап берүүчү программаны колдонуу өткөн жылы да пайдаланылып, натыйжалуу жыйынтыгын берген. Мындагы негизги максат – окуучулардын «Манас» боюнча билимин сыноочу тесттин жыйынтыгын ыкчам жана адилеттүү чыгаруу.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы буга чейин да окуучулардын билимин баалаган предметтик олимпиадаларды жана башка түрдүү сынактарды электрондук ыкма менен өткөрүп келе жаткандыгы маалым.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up