Ноокатта чыгармачыл балдардын сынагынын райондук туру өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Ошто «Мен кыргызстандык экендигиме сыймыктанам» аттуу сынактын райондук туру старт алды. Бул тууралуу Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун улуттук маданият жана тил бөлүмүнүн башчысы Диларам Нуралиева билдирди.

Анын айтымында, аталган сынак жыл сайын өткөрүлүп келет.

«Аймактар аралык чыгармачыл балдардын сынагынын райондук турлары Ош облусунун Ноокат районунан башталды. Сынак 2016-жылдан бери өтүп келет. Быйылкы жылы сынактын жобосуна толуктоолор киргизилип, музыкалык аспаптарда ойногон таланттуу балдарыбыз да сынакка катышуу укугуна ээ болушту. Сынактын катышуучулары ыр, бий жана музыкалык аспапта ойноо боюнча жекече өнөрлөрүн тартуулашып, ар бир жанр боюнча жаш өзгөчөлүгүнө карай 3төн мыкты аткаруучулар облустук турга өтүштү. Ноокаттын райондук турунда ат салышкан 45 окуучунун ичинен 10 окуучу облустук турга жолдомо алышты. Сынактын эң кенже катышуучусу 7 жашта», - деди Д.Нуралиева

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up