Тоңдун Бөкөнбаев айылындагы №2 бала бакчада тарбиячылардын чыгармачылык кечеси өттү (сүрөт)

Тоңдун Бөкөнбаев айылындагы №2 бала бакчада тарбиячылардын чыгармачылык кечеси өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы №2 бала бакчада «Тарбиячылардын чыгармачылык кечеси» аталышындагы иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чаранын максаты — тарбиячылардын кесиптик чеберчиликтерин арттыруу.

Кече 3 этап менен өттү. 1-этабында театрлаштырылган оюндар коюлса, 2-этабында көргөзмө жана мастер класс уюштурлду. Ал эми 3-этапта ар бир тарбиячынын өздүк таланты, чыгармачылыгы тартууланды. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө ардак грамоталар тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up