Бишкекте окуучулар үчүн робот техникасы боюнча ийрим ачылды (сүрөт)

Бишкекте окуучулар үчүн робот техникасы боюнча ийрим ачылды (сүрөт)

Билим АКИpress - 2019-жылдын 1-февралында КР өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) алдындагы патенттик-техникалык китепканада мектеп курагындагы балдар үчүн робот техникасы боюнча ийрим ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ийримди ачкан уюштуруучулардын айтуусунда, бул иш-чаранын максаты — окуучулардын техникалык чыгармачылыкка болгон кызыгуусун жогорулатуу, техникалык чыгармачылык борборлордун жетекчилеринин санариптик сабаттуулугун арттыруу, кошумча билим берүүчү уюмдардын окутуу процессинде педагогдордун робот техникасы боюнча билимдерин өркүндөтүү.

Иш-чаранын жүрүшүндө LEGO, LEGO Wedo, LEGO EV3 боюнча роботторду программалаштыруу жана жыйноо мастер-класстары өткөрүлүп, балдардын зор кызыгуусун туудурду. Ошондой эле көрүүсү жана угуусу начарларга жарыяланган адабий чыгармалардын жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүү тууралуу Марракеш келишимине ылайык, «Азиздер жана дүлөйлөр» коомуна жардам иретинде жана кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларын жайылтуу максатында Кыргызпатенттен чыккан 42 китептин электрондук варианты белекке берилди.

Иш-чара балдар жана өспүрүмдөр «Сейтек» улуттук борборунун бий тобу, комуз күүсү, балдар техникалык чыгармачылык көргөзмөсү менен коштолду.

Ийримдин ачылышына Аламүдүн районунудагы Төмөнкү Ала-Арча менен Беш-Күнгөй айылдарынын мектеп окуучулары жана окутуучулар, робототехника боюнча адистер катышышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up