Жумгал райондук «Манас таануу» таймашында Кызарт айылынын окуучулары жеңди (сүрөт)

Жумгал райондук «Манас таануу» таймашында Кызарт айылынын окуучулары жеңди (сүрөт)

Билим АКИpress - Жумгал районунда 2019-жылдын 30-январында мектептер аралык «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, таймашты «Көйкашка» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү, жаш манасчылар Муса уулу Төлөбек, Бексултан Имашов, Чыңгыз Болотбеков, Азамат Матанов өткөрүштү.

Жумгал районунда жалпы 24 мектеп болсо, 16 мектеп таймашта ат салышты. Алардын ичинен Кызарт айылынын А.Солтонбеков атындагы орто мектебинин окуучулары 1-орунга ээ болушту. 2-орунга Таш-Дөбө айылындагы «Таш-Дөбө» орто мектеби чыкты. Ал эми 3-орунду Байзак айылындагы А.Молдокеев атындагы орто мектеби камсыз кылды.

Таймашты уюштуруучулар мектептер аралык таймашка катышкан командалар көбөйүп, райондо мурунку жылдарга караганда өсүш бар экендигин кубануу менен айтышты. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ф.Өмүралиева мындан ары да «Манас таануу» таймашына жыл башынан баштап кызуу даярдыктар көрүлө турганын белгиледи.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up