Ошто окуучулар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү (сүрөт)

Ошто окуучулар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Ошто Совет аскерлеринин Ооганстандан чыгарылганына 30 жыл толгонуна карата окуучулар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу №52 «Кыргыз-Түрк достугу» атындагы мектеп-лицейинин мугалими Илгиз Шамырзаев билдирди.

Маалым болгондой, мелдешке Ош облусунан жана Ош шаарынан 8 команда катышты.

Жыйынтыгында 1-орунду Кара-Суу районунун «Кара-Суу» командасы, 2-орунду Ноокат районунан келген «Көк-Бел» командасы жана 3-орунду Ош шаарынын «Ош» командасы ээлешти.

Оюндун жыйынтыгында №52 мектептин директору Мелисбек Музулманов өзүнүн куттуктоо сөздөрүн айтып, жеңген командаларга мектептин атынан даярдалган атайын дипломдорду жана белектерди тапшырды. Ошондой эле командалардын машыктыруучуларына да акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up