Мугалимдер.kg: Канттагы №4 мектеп-гимназиянын директору М.Молдошева: Мектепке ишке киргенден баштап жашоом түп тамыры менен өзгөрдү

Мугалимдер.kg: Канттагы №4 мектеп-гимназиянын директору М.Молдошева: Мектепке ишке киргенден баштап жашоом түп тамыры менен өзгөрдү

Билим АКИpress басылмасы «Мугалимдер.kg» рубрикасын улантат. Анда билим берүү майданынын түйшүктүү милдетин аткарып келе жаткан мугалимдер тууралу сөз болот. Кезектеги каарманыбыз – Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу №4 Кант шаардык орто мектеп-гимназиясынын директору, билим берүүнүн мыктысы Махабат Молдошева. Ал 22 жылдан бери билим берүү тармагында талыкпай эмгектенип келе жатат.

Махабат Молдошева 1974-жылы 3-апрелде көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөн. «Ата-энем бизге өтө жакшы тарбия беришти. Алар биздин татыктуу билим алышыбызга керектүү шарттарды түзүп, дайыма жакшы баа алып, татыктуу окушубузду талап кылышчу. Ошентип, мен 1991-жылы орто мектепти аяктап, 1993-жылы турмушка аттандым. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин аяктагам. 2017-жылы ушул эле окуу жайдын филология боюнча магистратурасын ийгиликтүү бүтүрүп алдым.

Эмгек жолум кол эмгек сабагынан мугалим болуу менен башталды. Тактап айтканда, 1997-жылдан 1999-жылга чейин Дмитриев орто мектебинде көркөм өнөрдөн сабак берип эмгектенип калдым. 2003-жылдан кийин Жакыпова атындагы орто мектепте орус тилинен сабак берсем, 2006-жылдан баштап Ысык-Ата райондук билим берүү башкармалыгында жетектөөчү адис болуп эмгектенип жүрдүм. 2013- жылдын июль айынан тарта №4 Кант шаардык орто мектеп-гимназиясынын директору болуп шайланып, эмгектенип келем» - деди ал.

«Мен мектепке жумушка киргенден баштап жашоом мурдагыдан түп тамыры менен өзгөрдү. Эгер жан дүйнөӊө туура келген, чыныгы өзүӊдүн кесибиӊди таап алсаӊ, «мына ушул чыныгы жашоо» дейт экенсиӊ. Мен мектептен өзүмдүн жолумду таптым. Мектеп менин экинчи үйүм, жумушка чыкпай калсам кадимкидей сагынам. Эмгек жамаат менен бирге окуучуларбыздын татыктуу билим алышы үчүн бүт аракетибизди жумшап келебиз. Бул жерде эмгек жамааттын иш билгилиги жана ынтымактуулугу өтө чоӊ жардам берет. Сенден жакшы тарбиялуу, билимдүү окуучу чыгыш үчүн сен өзүӊ ошончолук билимдүү, ошончолук тарбиялуу адам болушуӊ керек деп эсептейм», - дейт мектеп директору.

Ал талыкпаган эмгектин арты менен бир топ ардак баракчаларга жана «Профсоюз кыймылынын мыктысы», «КРнын Билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгилерине татыган. Ардактуу кесиптин ээси иш убактысындагы эсте калган кызыктуу окуясынан эстеп, айтып берди. «Менин мектепте болгон кызыктуу окуяларым көп эле. Бирок, эмнегедир эӊ биринчи директор болуп дайындалган күндү эч унутпайм. Анткени мен директор болуп шайланган күнү аябай кубангам, бирок ошол эле маалда мени кандай башка жашоо күтүп турганын ойлогон эмесмин. Мен таӊ эрте жумушка кетип, кайра кечинде үйгө келгенде, кандай чоӊ жоопкерчиликтүү жумушка келгенимди сезип, корко баштагам. Бирок талыкпаган аракет, үзүрлүү эмгектин арты менен ийгиликтерге жетиштик. Азыр ошол күндөрдү эстеп жылмайып алам», - деп айтып берди Махабат Молдошева.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up