Кыргызстан менен Россиянын билим берүү министрлери 2 өлкөнүн ректорлорунун биринчи форумун өткөрүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Россиянын билим берүү министрлери 2 өлкөнүн ректорлорунун биринчи форумун өткөрүүнү талкуулашты

Билим АКИpress - Москва шаарында Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева менен Россиянын жогорку билим берүү жана илим минстри Михаил Котюковдун жолугушуусу өттү. Алар быйылкы жылы март айында Бишкекте өтүүчү Ректорлордун биринчи форумунун күн тартибин талкуулашты.

Гүлмира Кудайбердиеванын сөзүнө караганда, бул форум жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңетүүгө мүмкүндүк берет. «Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы билим берүү чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенишүүнүн көп жылдык тарыхы бар. Билим берүүнүн бардык баскычтарында кызматташуунун кызыктуу тажрыйбасы топтолгон, түрдүү биргелешкен долбоорлор белгиленген. Жогорку билим берүү чөйрөсүндө техникалык ЖОЖдордун Орус-Кыргыз консорциуму иштей баштаган. Эми биз мындай кызматташуунун тажрыйбасын гуманитардык багыттагы ЖОЖдор боюнча жайылтышыбыз керек», - деди ал.

Жогорку билим берүү жана илим министри Михаил Котюков өз кезегинде, форумга эки өлкөнүн ректорлорун гана эмес, илимий коомчулуктун өкүлдөрүн да чакырууну сунуштады. «Эки өлкөнүн окумуштууларынын катышуусу форум аянтчасында талкуулоого мүмкүн болуучу маселелердин тизмесин байкаларлык кеңейтет деп ойлойм» - деди ал.

Кыргызстандын жана Россиянын ректорлорунун биринчи форуму 2019-жылдын март айынын аягында Бишкекте өтмөкчү. Анын алкагында Кыргызстан ЖОЖдорунун ассоциациясы менен Россиянын ректорлор союзунун кызматташуусу жөнүндө макулдашууга кол коюу пландалууда.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өзүнүн Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында РФнын Агартуу министри Ольга Васильева менен окуу китептерин көнүктүрүү, мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу ж.б. маселелер боюнча жолугушту.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up