2019-жылдын башталышынан бери өлкөдө 3 жаңы бала бакча ачылды

2019-жылдын башталышынан бери өлкөдө 3 жаңы бала бакча ачылды

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, 2019-жылдын башталышынан бери Баткен жана Ысык-Көл облустарында 3 жаңы мектепке чейинки мекеме ачылды.

2 балдар бакчасы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, бирөөсү Баткен облусунун Кайыңды айылында ишке кирди.

Ведомствонун басма сөз кызматы бирдиргендей, мектепке чейинки билим берүүнү жана мектеп алдындагы даярдоону өнүктүрүүгө учурда мамлекет тарабынан өтө жеткиликтүү көңүл бурулууда. Балдар бакчаларына баруу же мектепке даярдоодон өтүү мүмкүнчүлүгү баланын коомдошуусуна өбөлгө түзөт жана мындан аркы окуусу жана турмушу үчүн мыкты пайдубалга негиз болот.

Мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоонун ар кандай түрлөрү иштелип чыккандыгын ведомстводон белгилешет. Ошентип, 2018-жылы 120 кыска мөөнөттүү балдар бакчалары ачылган. Мектепке даярдоо программасы балдар бакчаларына барбаган 5-7 жаштардагы балдарды 100% камтыйт. Жалпысынан алганда азыркы учурда республика боюнча 1 миң 610 ар кандай мектепке чейинки мекемелер иштеп жатат. Бул жылы айыл китепканаларынын базасында өнүктүү борборлорун ачуу пландалууда.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up