Нарындын Арстанбек Буйлаш уулу атындагы мектебине Улан Турсунов директор болуп дайындалды

Нарындын Арстанбек Буйлаш уулу атындагы мектебине Улан Турсунов директор болуп дайындалды

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектебине Турсунов Улан Эсеналиевич директор болуп дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Улан Турсунов 1983-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Нарын мамлекеттик университетинин жаңы маалыматтык технологиялар факультетин аяктаган. 2010-жылы КР Президентинин алдындагы башкаруу акедемиясынын «Мамалекеттик жана муниципиалдык башкаруу» курсун аяктаган.

2004-жылы №10 мектепте мугалим, 2010-жылдан 2013-жылга чейин Нарын шаардык билим берүү бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп эмгектенген. №8 орто мектебинде окуу бөлүм башчысы, 2013-2015-жылдары Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматтарын аркалаган. 2016-2019-жылдары №10 мектебинде тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеп келген.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин, облустук администрациянын, облустук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн Ардак грамоталары менен сыйланган.

Улан Турсунов үй-бүлөлүү, 1 уул жана 3 кыздын атасы.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up