«Манас» үчилтигинин буга чейин жарыялана элек варианттары жарык көрдү (сүрөт)

«Манас» үчилтигинин буга чейин жарыялана элек варианттары жарык көрдү (сүрөт)

Билим АКИpress - 2019-жылдын 5-февралында УИАнын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулган Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Кол жазмалар фондунан алынган, буга чейин жарыялана элек «Манас» үчилтигинин варианттары, «Манас», «Сагымбай», «Саякбай» энциклопедиялары жана «Классикалык изилдөөлөр жана тексттер сериясынын» бет ачары болуп өттү.

Иш-чара Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан даярдалып, китептер академик Абдылдажан Акматалиевдин жалпы редакциясынын астында жарык көргөн. 20дан ашуун манасчылардын варианттары жана Актан Рысмендеев, Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаев, Шапак Рысмендеев, Самар Мусаев менен Зияш Бектеновдун кара сөз түрүндөгү «Манас» эпосу , «Манас» энциклопедиясынын 2 томдугу, «Классикалык изилдөөлөр жана тексттер сериясы» боюнча «Манас» эпосуна арналган изилдөөлөр жарыкка чыкты.

Китеп көргөзмөдө түзүүчүлөр тарабынан Кол жазмалар фондунда сакталган манасчылардын кол жазмаларынын түп нускалары боюнча маалыматар берилди.

«Жарык көргөн китептер түшүнүктүү жана жеткиликтүү тилде жазылганы, изилдөөнүн басымдуу бөлүгүн жаш илимпоздор түзгөндүгү
мени кубандырды. Аталган эмгектер ЖОЖдордо, мектептерде, илимий изилдөөлөрдө негизги булак болуп берет деген ишеничтемин», - деди УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев. Ал ошондой эле уюштуруучулардын мындан аркы илимий изилдөөлөрүнө ийгилик каалап өттү.

Китеп көргөзмөнүн соңунда келген коноктор тарабынан сунуштар жана каалоо-тилектер айтылды.

«Манас» үчилтигинин варианттары жана «Классикалык изилдөөлөр жана тексттер» сериясы боюнча жаңы чыккан китептердин тизмеси:

1. Сагымбай Орозбаков — «Манас» эпосу, 4 том
2. Саякбай Каралаев — «Сейтек» эпосу, 2 том
3. Ыбырайым Абдрахманов — «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору, 2 том
4. Шапак Рысмендеев — «Манас», «Семетей» эпостору, 2 том
5. Актан Тыныбеков — «Манас», «Семетей» эпостору, 1 том
6. Жакшылык Сарыков — «Семетей», «Сейтек» эпостору, 1 том.
7. Алмабек Тойчубеков — «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору, 2 том
8. Мамбеталы Ашымбаев — «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору, 1 том
9. Жаңыбай Кожеков — «Манас», «Семетей», «Сейтек», 3 том
10. Чокон Валиханов, Иса Жумабеков — «Семетей» эпосу, 1 том
11. Дуңкана Кочукеев — «Манас», «Семетей» эпостору, 1 том
12. Кааба Атабеков — «Манас» эпосу, 1 том
13. Самар Мусаев — «Манас» кара сөз түрүндө, 1 том
14. Уркаш Мамбеталиев — «Манас», «Семетей» эпостору, 1 том
15. Зияш Бектенов — «Манас» кара сөз түрүндө, 1 том
16. Тоголок Молдо — «Семетей», «Сейтек» эпостору, 2 том
17. Акмат Рысмендеев — «Манас», «Семетей» эпостору, 1 том
18. Мамбет Чокморов — «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору, 3 том
19. Багыш Сазанов — «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору, 3 том
20. Молдобасан Мусулманкулов — «Манас» эпосу, 1 том
21. «Манас энциклопедиясы», 2 том
22. «Манас» үчилтиги боюнча изилдөөлөр, 1-том
23. «Манас» (тарых, генезис, типология) 2-том
24. «Саякбай» энциклопедиясы
25. «Сагымбай» энциклопедиясы.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up