Москва районундагы «Келечек» бала бакчасында этнопедагогикалык түшүнүктөр калыптанат (сүрөт)

Москва районундагы «Келечек» бала бакчасында этнопедагогикалык түшүнүктөр калыптанат (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Москва районундагы «Келечек» бала бакчасында этнопедагогикалык түшүнүктөр калыптанат. Бул тууралуу аталган бала бакчанын башчысы Назира Сатымбекова аймактык кабарчыга маалымдады.

Анын айтымында, 2018-жылы Александровка айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Көрүк айылында 100 орундуу «Келечек» бала бакчасы ачылган. Анда учурда материалдык-техникалык базасы ар тараптан чыңдалып, тарбиялоонун жаңы технологиялары колдонулуп келет. «Балакай» жана «Жөжөлөр» тайпаларында кыргыз тилинде окуу-тарбиялоо процесси жүргүзүлүп, чыгармачыл тарбиячылар Ж.Жамадилова, А.Мусаева улуттук баалуулуктарга басым жасашат. Тактап айтканда, ата-бабалар табериги болгон кыргыздын адеп-ахлак, салт-санаа, үрп-адат, ырым-жырым жана салттуу жөрөлгөлөрү багытында жаш өзгөчөлүгүнө карай түшүнүктөр балдардын аң-сезиминде, эс-тутумунда, кабылдоо туюмунда түптөлөт.

«Бүгүнкү биздин колубуздагы балдар — келечек ээлери. Демек, биз кандай тарбияласак, окутсак, келечек ошондой болору далилдөөсүз чындык, аксиома. Ошондуктан жаштайынан баштап этнопедагогикалык, этномаданий түшүнүктөрдүн алгачкы элементтерин жан дүйнөсүндө жашатышыбыз абзел. Өзгөчө, учурда айыл тарбиясын көтөрүү маанилүү.

Маселен, ата-бабалардын накыл кептеринде чыныгы турмуштук философия өкүм сүрөт. «Бешиктеги баланын бек болорун ким билет?», «Аганы көрүп ини өсөт, эжени көрүп сиңди өсөт», «Ата — өчпөс чырак, эне — соолбос булак» ж.б. макал-лакаптарды чечмелөө, түпкү маани-маңызын таануу балдардын кызыгуусун арттырат. Ошондой эле айлардын, күндөрдүн кыргызча аталыштары, генеологиялык паспорт (муундардын аталышы) багытында да түшүнүк беребиз. Мындай салттуу түшүнүктөрдөн улам элибиз «тегиң ким?» деп жөн жайынан сураган эмес. Кээде «Жети атаңдын кимин бил, жети элдин тилин бил» дешип, тил маданиятын өнүктүрүүгө багытташат.

Бакчабызда макал-лакаптарды, табышмактарды, жаңылмачтарды, бат айтмаларды, учкул сөздөрдү үйрөтүүдө атайын иш мерчемдерди белгилеп, баланын сөз өстүрүү, кеп маданияттуулугун өнүктүрөбүз. Логикалык ой жүгүртүүсү артат. Конкреттүү кандайдыр бир түшүнүк бүтүндүүлүгү дилинде сугарылат, аң-сезиминде байланат. Жаш өзгөчөлүгү жогорулаган сайын түшүнүк объектиси тереңдейт, дүйнө таанымы кеңеет», - дейт «Келечек» бала бакчасынын башчысы Назира Сатымбекова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up