Флагман деген атакка татыктуубу? - президент Улуттук университет тууралуу

Президент С.Жээнбеков на встрече в КНУ
Президент С.Жээнбеков на встрече в КНУ
// Пресс-служба президента КР

Билим АКИpress - «Улуттук университет флагман деген атка, атакка татыктуубу? Тилекке каршы, андай болбой жатат», - деди президент Сооронбай Жээнбеков, бүгүн, 6-февралда, борбор шаардын жогорку окуу жайларынын жана кесиптик-техникалык окуу жайлардын жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер менен болгон жолугушуусунда. Жолугушуу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин имаратында болуп өттү.

«Улуттук университет — жогорку билим берүүнүн флагманы» деп көп айтабыз. Мен бүгүн чын эле иш жүзүндө ошондойбу, же андай эмеспи, ошону өз көзүм менен көрүү үчүн келдим.Университет сыртынан жалтырак көрүнгөнү менен ичинде андай эмес экен», - деди президент.

Ал жогорку окуу жайдын абалы начар экенин кошумчалады. «Мага берилген маалыматтарды көрдүм. Окуу имараттарынын акыбалы начар. Техникалык жактан камсыздалышы төмөн. Эмне үчүн айрым жогорку окуу жайлар жасап жаткан жакшы иштерди улуттук университетте да жасаганга болбойт? Бишкекте гана эмес, аймактардагы университеттер жараткан ийгиликтерге Улуттук университет жетиши үчүн ким, эмне тоскоол болууда?», - деди мамлекет башчы.

С.Жээнбеков аталган университеттен белгилүү мамлекеттик ишмерлер, илимпоздор, профессорлор, чыкканын белгилеп өттү. «Улуттук университет көп жылдар бою мамлекетибиздин сыймыгы болуп келген. Саясий, илимий элитанын көпчүлүгү ушул улуттук университеттен чыккан. Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргызстанды чейрек кылым жетектеген, мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиев ушул университеттен чыккан. Мен кечээ Жарлыкка кол койдум, быйыл улуу инсаныбыз Усубалиевдин 100 жылдыгын белгилейбиз. Кыргыз Республикасынын Баатырлары Төлөгөн Касымбеков, Бексултан Жакиев сыяктуу журтубуздун сыймыгы болгон инсандарыбыз да сиздердин университеттин бүтүрүүчүлөрү. Тизмектеп отурсак, нечендеген илимпоздор, академиктер, атактуу профессорлор, эл акындары, эл жазуучулары, эл мугалимдери да улуттук университеттин бүтүрүүчүлөрү болушкан. Мамлекетте университеттин бүтүрүүчүлөрү эмгектенбеген тармак дээрлик жок», - деп билдирди өлкө башчы.

Президент ЖОЖдун жетекчилигине кайрылып, университеттин мурунку аброюн кайтарып, реформа жүргүзүү керектигин айтты. «Эми ректорат университеттин тарыхый атын, мурдагы аброюн кайтарып, өнүктүрүп, чыныгы заманбап, флагман университетке айландырыш керек. Университет жөнүндөгү сын-пикирлер, ачуу ойлор көп жылдардан бери айтылып келет. Акыбалдын начардыгына азыркы иштеп жаткан жетекчилик гана күнөөлүү деп айтканга болбойт. Көп убакыттан бери реформа жүргүзүлбөй жатат. Ишти жакшы жагына буруу убакытты талап кылат. Ошондуктан силерге дагы бир жолу ишеним арталы. Улуттук университетти окуу жайлардын чыныгы флагманы деген деӊгээлге алып чыккыла! Реформаларды жасагыла! Реформаларды жасаш эч качан оңойго турбайт. Силерге дагы бир мүмкүнчүлүк, дагы бир убакыт берилет. Бирок, көпкө күтүп отургудай убакыт жок», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up